Биз жөнүндө

Биз жөнүндө

Мектептин тарыхы

Т.Оңолбаев атындагы орто мектебинин тарыхы.

Азыркы Т.Оңолбаев атындагы орто мектеп 1929- 1932-окуу жылында тузүлгөн.Мектептин имараты урма топурактан салынып, 6 болмодон турган.Терезелеринде желдеткичтери жок.Мектеп кантромарка аркылуу жылытылган.Мектептин дубалдарынан жаракалар кетип эскилиги жеткендиктен топурак кармабай калган. Ошол кезде мектепте кыркка жетпеген окуучулар 4 класска бөлүнүп окуган.Окуу 2 сменде кыргыз тилинде жүргүзүлгөн.Ал балдар Сталин,Буденный,Алга,
Мээнеткеч айылдарынан келип окушкан.Мектептин биринчи жетекчиси Турдумамытов Асан агай болгон.Окуучуларга терең билим берүү максатында атайын адистер чакырылат.1948-жылы мектеп толук эмес орто мектепке айланат.1961-жылы 7 жылдык толук эмес орто мектеп болуп түзүлөт.1965-жылы 8 жылдык мектеп болуп эсептелинген.Анын жетекчиси болуп Абакиров Дүйшөнаалы агай дайындалган.Ушул жылдары жалпы окуучулардын саны 161 ге жеткен.1952-жылынан баштап мектепте орус тили сабагы киргизилген.1986-жылы окуучулардын саны 350дөн ашкан.17 мугалим эмгектенип иштешкен.Мектепке 6 класс кошумча курулган. Мектепте библиотека ,буфет ачылып иштей баштаган.Алгачкы аскердик даярдоо сабагы киргизилип ,улан –кыздарды тарбиялай баштаган.
1995-жылы Сталин азыркы Калыгул айылында жайгашкан Октябрь орто мектебине Тынымсейит Онолбаевтин аты ыйгарылып,азыркы кунго чейин сый-урмат менен атын очурбой ардактап алып келе жатат.

Тынымсейит Онолбаев (1903-1988)
Онолбаев Тынымсейит 1903-жылы мурунку Пишпек уездинин Бурана айылында кедей-кембагалдын уй-булосундо торолгон.Алардын уй-булосу 12 бир туугандан турган.Атасы Онолбай буларды багыш учун кун-тун дебей жыгач усталык кылган.11жашынан баштап Тынымсейит байлардын кол астында малай болуп иштеген.1920-жылы комсомолго кирип,Артелде иштеп ЧОНдо басмачылар менен каршы курошко катышкан.Алдынкы активисттердин катарында аны 1923-жыл Ташкенттеги коммунисттик университетке жиберишет.Анын Ташкенттеги курсташы белгилуу кыргыз жазуучусу Ааалы Токомбаев болуп окуп жургон кездеринде М.В.Фрунзе болуп жолугушуп,анын рекомендациясы боюнча 1924-жылы партиянын катарына кабыл алынган.Окууну буткондон кийин 1922-29-жылга чейин партиянын Нарын канткомунун жоотуу секретары болуп иштеген. 1929-1930-жылдары партиянын Чуй райондук комитетинин жооптуу секретарынын милдетин аткарган.Партия аны жаныдан уюшулган Талас канткомунун жооптуу секретары кылып жиберген.Ал бул жерде 1934-жылга чейин иштеген.
1934-35-жылдары партиянын Караван райкомунун секретары болуп иштеген.1937-жылы репрессия мезгилинде айыпсыз жазаланып,1938-жылы бошотулган.
1938-41-жылга чейин Чуй районунда жер болумунун башчысы болуп иштеген.Калинин районундагы Ленин атындагы колхоздо башкарма болуп иштеген.
1942-жылы озу фронтко оз каалоосу менен суранып кетип,Украинанын Лузовой станциясынан согушка Берлинге чейин жетти.
Москвадагы парадды коруп,уйуно келген.Келгенден кийин МТС тузуп,карагай жонотуу конторунда иштеген.
1945-60-жылдары Дон-Арык МТСнын директору,Рыбачье лесхозунун директору,Аламедин сберкассасынын башчысы болуп эмгектенген.1960-жылы оорусуна байланыштуу республикалык маанидеги пенсияга чыккан.
Эмгектеги жана согуштагы кызматы учун ордендер жана медалдар менен сыйланган.
Кыргыз ССР жогорку советинин ардак грамотасы менен сыйланган.
1927-жылдан 1941-жылга чейин Кирабкомунун ,кийинчерээк Кыргызстан Борбордук партия комитетинин мучосу болуп бир нече жолу шайланган.
Кыргызстан Борбордук аткаруу комитетинин жана райондук советтеринин мучосу болуп бир нече жолу шайланган.
Узакка созулган оорудан кийин 1988-жылы 5-январда дуйнодон кайткан.
2020-жылдын август айынан баштап жаны имарат салынып баштап, 2023-жылдын 6-февралында эксплуатациялоого берилди.