9-май Жениш куну
9-май Жениш кунуно карата «Силердин эрдигинер эч качан унутулбайт» деген темада бир айлык болуп отту.
Тарбия завучу Джолдошбекова Наргиза тарабынан Улуу жениш кунуно карата бир айлык планы тузулуп,мектеп директору тарабынан бекитилип,окуучуларга тааныштырылды. Ага 1-11-класска чейин окуучулар катышышты.
План боюнча ар бир класс Улуу Жениш кунуно арналган ыр саптарын,корком ырларын,музыканын коштоосунда ырларды,докладдарын окушуп айтып беришти,дубал газеталарын,суротторун тартып келишип,дубалдарга илинди.
Мектептин алдындагы эстеликке окуучулар гул коюуу аземин кылышты.
Комментарии